Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылып, шектүү катары 6 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдирди.
20-февраль күнү милицияга Ала-Арча суу сактагычынын жанында Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Маалымат тастыкталып, каза болгон жаран, мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.
Бул факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын текшерүү иштери улантылып, жабырлануучунун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда.