7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эртеңден тарта жол кире кымбаттайт

801

30-январдан баштап Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Борбордогу коомдук транспортто жол кире акысы:

— троллейбуста — 17 сом;

— автобуста — 17 сом;

— маршруткаларда — 20 сом;

— валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай акча менен төлөөдө – 20 сом.

Ошол эле учурда жарандар MegaPay тиркемеси аркылуу төлөшсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт, анткени MEGA мамлекеттик ишканасы муниципалитетке 6 сомду кайтарып берет. Жаңы тариф борбор калаанын пенсионерлерине эч кандай таасир этпейт жана алар үчүн мурдагыдай эле калат. Алар муниципалдык транспортко (автобус, троллейбус) акы төлөөдөн толугу менен бошотулган, ал эми кичи автобустарда 8 сомдон жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.

802