7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болду

1051

Шаардык муз аянтында хоккей боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны мэр Айбек Жунушалиев ачты. «Нарын Хоукс» командасынын оюнчусу Мерадил Мелсов менен «Рига» командасынын оюнчусу Эрнест Ципулис символикалык түрдө биринчи шайбаны ыргытышты.

Турнирдин ачылыш аземине хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана Хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш Казакстан, Өзбекстан, Россия Федерациясы, Латвия жана Кыргызстандын командаларынын ортосунда өтмөкчү.

Ошондой эле бул спорттук иш-чара өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1052