Бишкекте ири көлөмдө чыгым келтирген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Аламүдүн районунун ИИБнө Чүй облусунун 66 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип “Опель” үлгүсүндөгү автоунаасын алып, бир нече күндүн ичинде акчасын берем деп алып кеткен боюнча бир нече жылдан бери акчасын бербей жүргөнүн билдирген.
Жогорудагы арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 41 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жаран КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.