7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

466

Тогуз-Торо районунун аймагында жаш ѳспүрүмдѳр арасындагы кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, суицидге бөгөт коюу максатында жыйындар болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Казарман айылында жайгашкан №4 И.Иса, №1 Т.Мойдунов, Макмал, жана №2 А.Абдраимов атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

Жыйындарга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Т.Карагулова, район прокурору А.Аракеев, РИИБдин начальниги милициянын майору Т.Сабырканов, жалпы дарыгердик борборунун дарыгери Б.Байзакова, райондук социалдык ѳнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Жеңишова, билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, мугалимдер жана окуучулар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылы жаңы күчүнѳ кирген мыйзамдары менен тааныштырылып, анын ичинен жаш ѳспүрүмдѳргѳ тиешелүү болгон беренелер боюнча окутулду. Тогуз-Торо району боюнча каттоодо турган жаш ѳспүрүмдѳр жана 2020-жыл ичинде жаш ѳспүрүмдѳр тарабынан жасалган кылмыш иштери боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле алардын мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жѳнүндѳ түшүндүрмѳлөрү айтылды. Окуучуларга алардын милдетттери жана укуктары түшүндүрүлүп, андан тышкары суроо-жооп ирээтинде маектешүүлөр ѳткѳрүлдү.

Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин, психотроптук жана акыл-эсине таасир берүүчү заттарды колдонууда кандай ооруларга дуушар болуусу жѳнүндѳ маалыматтар берилди. Ошондой эле коронавируска байланыштуу жеке гигиеналык эрежелери сактоо зарылдыгы айтылып, эл кѳп чогулган жерлерде бет кап тагынуу, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонуу зарылдыгы эскертилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467