7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү

522

Бүгүн, 25-октябрда, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын катышуучуларына Исхак Раззаковдун жашоосу жана ХХ кылымдын ортосунда кыргыз эли басып өткөн негизги тарыхый учурлар жөнүндө театрлаштырылган спектакль көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти сөз сүйлөп, анда Исхак Раззаков ал жетектеген мезгилде Кыргыз ССРинин индустриясын, айыл чарбасын, илим жана билимин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун белгиледи.

Президент Исхак Раззаковдун калыс жана адилет болгонуна көңүл буруп, анын «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген асыл кеби азыркы замандаштарыбыздын урааны болушу керектигин белгиледи.

Салтанат чыгармачыл ансамблдердин сахнага чыгуусу менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

523