7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте иштеген өспүрүмдөргө карата рейд жүрдү

314

Бишкекте иштеген балдарга карата рейд жүрүп, 90 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.

Муниципалитеттен маалымадагандай, Биринчи май районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында 17- мартынан 20-мартына чейин рейддер өткөрүлдү.

Рейддер Калыс-Ордо конушунда, Кудайберген, Сары-Өзөн, Азиз, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө жүргүзүлдү.

Ала-Тоо аянтында жана Калыс-Ордо жаңы конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосуз жүргөн 90 жашы жете элек бала жана аныкталды, 87 жашы жете элек өспүрүм ата-энесине өткөрүп берилди, 3 бала борборго жеткирилди.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.

«Бардык аныкталган жашы элек өспүрүмдөр боюнча протоколдор түзүлдү жана тийиштүү каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо үчүн жиберилет»,-деп айтылат маалыматта.

   

315