7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте издөөдө жүргөн пакистандык кармалды. Ал алдамчылыкка шектелүүдө

745

Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

5-августа Октярбь РИИБге жаран кайрылып, Пакистандын жаранына чара көрүүнү суранган. Ал 2019-жылдын ноябрь айында Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, Хонда-Жаз унаасынан 3тү алып берем деп, 315 миң сом акча каражатын алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1966-жылы туулган жаран кармалган. Ал камакка алынган. 14-августта сотто бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Ал соттук отурумдарга келбей койгонуна байланыштуу, сот анын бөгөт чарасын өзгөрткөн. Ошентип, козголгон издөө ишинин алкагында Октябрь РИИБдин издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746