7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды

745

Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан баштап Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, үй-жайсыз калгандар өз алдынча келип, тамактанып, жылынып, түнөй башташат. Күндүн суукташы менен үй-жайсыз адамдарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн шаарда туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп баштады.

«Октябрь районундагы убактылуу баш калкалоочу жай 12-кичи райондогу А.Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот.

Райондук социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында: көч. Ферет, 34А. Сурап ​​билүү телефону: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин — Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Андан сырткары жыл бою иштеген Биринчи Май районунун аймагындагы 70 орунга ылайыкталган «Коломто» МУ муниципалдык мекемеси иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу. Дареги: Жибек-Жолу кең көч. №423″, — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746