7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте үйдөн 34 млн сом уурдап кеткен шектүү кармалды

363

Бишкекте 34 млн сом уурдоого шектелип 28 жаштагы  жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июлда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз адам анын үйүнө кирип, 34 млн сом акчасын уурдап кеткен.

Бул факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул ишке шектүү катары 28 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалган. Ленин райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганча №1 тергөө абагына камакка алынган.

Милиция билдиргендей, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 4 млн 386 миң сом табылып алынган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

364