7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте көчөлөрдө кароосуз калтырылган унаалар алынат

492

Акыркы убакта шаар тургундарынан жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйдү.

Биринчи май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков  көчөсүндө  П.Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине  билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган.

Кошумчалай кетсек, бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан. Билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт.

Бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, ошондой эле «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493