8-майда Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2008-жылы туулган М.А. аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Кароо жүргүзүүдө кыздын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси аныкталган эмес.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки тешкерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө уланууда.