Бишкек шаарынын Чынгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар өтүү үчүн өтмөк ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Айтматов проспектиси боюнча Лев Толстой көчөсүнөн Сейтек мектебине чейинки тилкеде ишкана жолду жана тротуарды реконструкциялоодо. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду. Учурда тротуарды даярдоо жана бетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде унаалар өтүүчү жол жок болуп, тротуар жараксыз абалга келген. Ишкана эбегейсиз зор аянтты ээлеген Ленин атындагы заводдун бетон тосмолорун да алып, андан кийин 500 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.