Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча эки прораб камакка алынды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөн.
Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, аталган имарат Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна тиешелүү экендиги массалык маалымат каражаттарында айтылган.