БИШКЕКТЕ КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН БИРИ ӨРТТӨНҮҮДӨ
Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:25те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Штаб, саат 12:43тө кошумча Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 13:03тө Биринчи-Май райондук №8 ӨКБдан 1 автошаты, саат 13:11де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жалпы 3 бөлүм.
Ошондой эле Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Кошумча маалымат берилет.