7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

286

2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, белгиленген план 3,7 млрд сомго ашыкча аткарылды. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, бул 2021-жылдын көрсөткүчүнөн 63,8 млрд сомго көп.
“ Анын ичинен 156 млрд 338,3 млн сому салык жыйымдары. План 729,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 147,9 %). Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 51 млрд 563,3 млн сомду түзүп, 3 млрд 18,3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 млрд 184,7 млн сомго көп (өсүү ыргагы 134,4 %)».Мындай көлөм салыктык башкарууну жакшыртуу, ишкерлерди онлайн тейлөөгө которуу боюнча иштердин аркасында жетишилген.

Ошондой эле, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, мындан тышкары, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча жүргүзүлгөн рейддер дагы оң таасир эткен». Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган Жаңы Салык кодексинин ченемдери да оң таасирин тийгизди. Мындан тышкары, жаңы Салык кодекси жагымдуу инвестициялык климатты жана ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзөт.»,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

287