Чүйдө жарандын үйүнөн баңги лаборатория табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалды. Жарандын үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.
Андан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 мл. көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель.