7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Маулен Ашимбаевди кабыл алды

348

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-январда, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Казакстан Парламентинин Сенатына шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Президент эки тараптуу кызматташуунун динамикасы абдан жогорку деңгээлде экенин жана Кыргызстан аны мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга сапары кыргыз-казак парламенттер аралык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди. Ошону менен бирге 2023-жылдын экинчи жарымында өткөрүлүшү пландалып жаткан Парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү жана парламенттик делегациялардын/достук топторунун өз ара иш сапарларынын практикасын кайра жандантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолдогон саламын айтты.

Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди

Ошону менен бирге ал эки тараптуу кызматташуудагы позитивдүү жылыштарга кеңири токтолуп, анын ичинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылы Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кабыл алынган жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан маанилүү макулдашууларга көңүл бурду.

Маулен Ашимбаев Кыргызстанды ЕАЭБ органдарындагы ийгиликтүү төрагалыгы жана 2023-жылы КМШга төрагалык кылуунун башталышы менен куттуктады. Казакстан өз тарабынан бардык демилгелерди ишке ашырууда кыргыз тарапка колдоо көрсөтүүгө даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык союздаштык мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

349