Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын жарандарына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-январда, Өзбекстандын аймагында, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде, Ала-Бука районунун Ак-Там конушунун маңдайында Өзбекстан Республикасынын жаранына таандык сарай өрттөнгөн.
Өзбекстандын чек арадагы айылынын тургундарына, сууга жетүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тосмодон ары Кыргызстандын аймагына сууга чыгууга уруксат беришкен.
«Өз убагында көрүлгөн жардамдын аркасында өрт тез арада өчүрүлдү», — деп берилет маалыматта.