Алмазбек Акматалиев
Электр энергияга тарифтер боюнча…
Кошуналарыбыз тажиктер Рогун ГЭСин салганда, ар бир жаран, үй бүлө акчалай да, алтын шакек- сөйкөлөрүнөн бери да чогултуп, 1,5 млрд доллар топтоп, ал ГЭСти салып, энергетикалык туңгуюктан чыгып кетишкени бар… Бүгүн тажиктердин тарифи 5 сомду түзүп атат…
Ошол кошумча 23 тыйынды ар бирибиздин, ар бир үй бүлөөнүн Кыргыз энергетикасынын туруктуулугуна, өнүгүүсүнө көмөк, жардам, колдоо деп түшүнгөнүбүз туура болот деп эсептейм! Энергетикабыз такыр урап калып, анан кол жайып отуруп калбашына кичине болсо да ар бирибиздин жардамыбыз деген мамиле кылсак!
Анан да: энергетиктер ошол 23 тыйындан кошумча канча каражат чогулат, ага эмне шаймандар, запас тетиктер, ТПлар, кабелдер алынат дегенди да санап, элге маалымат кылып койсо максатка туура келет эле. » Көп түкүрсө көл болот» деген ынтымагыбызды көп жерден көрсөтүп келатабыз. Ушунубуз менен улуу эл, байыркы улутпуз! Эми энергетика тармагын колдоого да кезек келди, туугандар…