7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кайра шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы олтурум болду

838
Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоого даярдык боюнча бүгүн алгачкы олтурум болду. Ага БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана район акимдери, тийиштүү кызматтардын жооптуу өкүлдөрү катышты.
Толук бир айдан кийин,  11-июлга дайындалган шайлоону өткөрүүгө, борбор калаанын төрт районунда 228 шайлоо участкалары түзүлгөн.
  • Ленин районунда — 62,
  • Октябрь — 59,
  • Биринчи Май — 49,
  • Свердловский — 58.
Райондук акимиаттардын башчыларына аймактык шайлоо тилкелерин керектүү эмеректер, оргтехника, генераторлор жана башка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу, ошондой эле ар бир шайлоо участкасында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды.
Ошону менен бирге шаар жетекчиси Бактыбек Кударбергенов акимдер менен структура башчыларына кайрылып, шайлоодо админстративдик ресурс колдонулбай, таза өтүш керектигин эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839