7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Осмонов айып пулду 50% жеңилдик менен төлөө мөөнөтүн 40 күнгө узартууну сунуштады

466

Жол эрежесин бузуу боюнча салынган айып пулду 50 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөнөөтүн 15 күндөн 40 күнгө жылдыруу керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Нурбек Осмонов билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн парламентте айып пулдардын суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

«Кээ бир кесиптештерибиз 30 күн деп атышат. Бирок кеминде 40, болбосо 60 күн кылыш керек. Себеби учурда берилип жаткан 15 күндүк мөөнөт айлык алганга чейин жетпей же нары, же бери эмес болуп калат экен. Ушундай кылып оңдоп келгиле, анан биз экинчи окууда колдоп берели. Эгер 40 күн кылбасаңар, биз бардыгыбыз каршы чыкканга аракет кылбыз», — деди Осмонов.

Андан соң ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул сунуштар эске алынарын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө суммасы 50 пайызга кыскарат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467