7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте каралбай калган бала бакчанын имараты мамлекетке өттү

389

Бишкек шаарында мурдагы бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Бишкек шаары, Маевка Муниципалдык аймактык башкармалыгы дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 735,8 кв м, турак жай аянты 460,5 кв м., жер тилкеси 0,63 га болгон балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталган.

1994-жылы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде аталган бала бакча мыйзамсыз чыгарылып, кийин жеке менчикке сатылып кеткен.

Жеке менчикке өткөндөн бери бала бакчанын имараты бүгүнкү күнгө чейин өз максатына ылайык пайдаланылбай келген. Учурда имарат талкаланып, кароосуз калып, дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулган.

Бул объекттин ээси мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, мурдагы бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин пайдасына өткөрүп берди.

 

390