Бишкекте коомдук тартипти одоно бузган айдоочуга 45 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында унаанын айдоочусу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн токтотулган. Бирок айдоочу кызматкердин токтотуу боюнча мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартып, качууга аракет кылган.
Куугунтуктоонун жыйынтыгында унаа токтотулуп, борбор калаанын милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИА бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте айдоочуну кармашкан.
Ага карата укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 45 500 сомду түзгөн. Унаа айып короосуна киргизилди.



