Бишкекте кудуктан белгисиз жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май районунун Садыгалиев дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинде болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси табылган.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөктү кудуктан чыгарышкан.