Кызыл-Кыя шаарында эл керектөөчү товарларды жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөрдүн ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-ноябрда Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган«Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа жана уюштурууга катышкан Кыргызстандын 6 жараны контрабанда менен кармалган.
Унааны текшерүү учурунда 14 кап, кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган «Цефазолин-Акос» дары-дармектери аныкталган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.