7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

658

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев жана башка коомдук ишмерлер катышып жатышат. 

Омор Султанов 3-апрелде 86 жашында каза болгон. Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

  • 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, өзүнүн эмгек жолун «Ала-Тоо» журналында баштаган.
  • 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын экинчи катчысы, СССР Жазуучулар союзунун ревизиялык комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болуп шайланган.
  • 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп иштеген жана Кыргызстан коммунисттик партиясынын XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайланган.
  • 2007-жылы Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы болуп шайланган жана «Жаңы Ала-Тоо» журналын уюштуруучулардын бири болгон.
  • ХХ кылымда кыргыз поэзиясындагы жаңы багыттын өкүлү катары Омор Султановдун алгачкы чыгармалары жана макалалары 1953-жылы жарык көргөн.
  • Биринчи поэтикалык ырлар жыйнагы 1961-жылы «Тоо күндөрү» деген аталышта жарык көргөн. Жазуучунун «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» сыяктуу жана башка чыгармалары «Кыргызфильм» киностудиясында экрандаштырылган. Ал даректүү жана көркөм фильмдерге сценарийлерди жазган.
  • 1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондунун президенти болуп, аны негиздеген.
  • 2003-жылы Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык бирлигинин вице-президенти, Кыргыз-тажик достук коомунун президенти, Москвадагы Эл аралык жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659