7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

499

Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Иш-чара 1924-2024-жылдар аралыгында ата мекендик милициянын калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма жана театралдаштырылган ретро-оюн көрсөтүү менен башталды.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылаарын баса белгиледи. Ушундан улам, Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде акыркы төрт жылда элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, коопсуздукту сактаган Кыргыз милициясына керектүү шарттар түзүлүп келе жатат.

Иш-чаранын аягында Кыргыз милициясынын салтын жана күчүн даңазалаган ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрүнүн саптык расчетторунун, техникасынын парады өттү.

 

 

 

 

 

500