7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын жыйыны өтүүдө

216

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси (Премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.


Камчыбек Ташиев Өзбекстандын делегациясынын мүчөлөрүн амандашып жатып, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.


«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», — деди ал.


Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217