7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өтүүдө

334

Бишкекте эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму өтүүдө. Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров ачты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эң жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк мамиле, контруктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ар тараптуу соода-экономикалык кызматташууга жетишүү үчүн ири потенциалга ээ экенин белгилегим келет. Форумдун жыйынтыгы натыйжалуу жана жемиштүү болот деп ишенем, бул биздин өлкөлөр ортосундагы толук кандуу, чыгармачылык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызмат кылат. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакында эки өлкөнүн соода-экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир эте баштайт. Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иштөөнү жана алдыга жылуу келишимдерге жетишүүнү каалайм”, — деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 100 млн долларлык 10 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Белгилей кетсек, бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

335