7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кытай кино күндөрү өттү

215

Кечээ, 12-августта, Бишкекте «Жибек жолунун жарыгы жана көлөкөсү» эл аралык долбоорунун алкагында Кытай кино күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият, малымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Кытайдын өкүлдөрү, маданият жана кино ишмерлери, киноиндустриянын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кытай кино күндөрүнүн негизги максаты — эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо жана кинематография тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.

Ошондой эле эки өлкөнүн киноиндустрия өкүлдөрү пикир алмашып, мындан аркы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш-чараны Кытай медиакорпорациясы (China Media Group, CMG) Кытайдын Кино боюнча мамлекеттик башкармалыгынын колдоосу жана кыргызстандык өнөктөштөрдүн катышуусу менен уюштурган.

Кытай кино күндөрүнө катышуу үчүн Бишкекке Кытайдан атайын делегация да келген.

 

216