Бишкекте кызды зордуктоо шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу 7-канал Биринчи Май райондук сотунан тастыктады.
«Алардын бөгөт чарасы кечээ, 12-сентябрда каралып, 2 айга камакта калтырылган. Алар 11-ноябрга чейин Бишкек гарнизонунун Гауптвахтасында болот»,-деп берилет билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 11-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалып, Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.