7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жөнөкөй бирок аткарылбайт…» Ийгиликтүү күндүн сыры эмнеде экенин билесизби?

469

Ийгиликтүү күндүн сыры туура ойгонууда экенин билет белеңиз. Окумуштуулар бир нече жолу изилдөө жүргүзүп, күнүңүз эртең мененки маанайдан көз каранды деген тыянакка келишкен. Андыктан таңды туура баштасаңыз, күн жемиштүү, жана кубанычтуу өтөт.

Чынында бул жөнөкөй болгону менен кыйынчылыкты жаратат. Анткени баарыбыз жылуу жууркандан туруп, эртең мененки тамакты бышырып, даярданып, анан коомдук транспортто түшүүнү каалабайбыз туурабы? Анын ордуна бир аз болсо дагы уктап турайын деп ойлойбуз, бирок эгерде таңкы маанайды позитив менен баштап, күнүңүз жакшы өтсүн десеңиз бул жөнөкөй эрежелерди аткарыңыз.

Бул макалада күнүбүздү жемиштүү баштаганды үйрөнөбүз.

Эксперттер күндү туура баштоо үчүн бир катар сунуштарды белгилешет: Көнүгүү, даамдуу эртең мененки тамак, максат коюу, таза абада сейилдөө жана башка… Мындай адаттарды жашооңузга киргизүү көп учурда бир топ кыйын, ошондуктан биз жөнөкөйдөн баштоону сунуштайбыз – коңгуроону өчүрбөңүз! Ар бир таң таза барактан башталат, бул бир күнү жашооңуз жакшы жакка өзгөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Билесизби, биздин жашообуздун ар бир күнү ушундай барактардан турат. Максаттарыңызга жетүүнү кааласаңыз, уйкудан кийинки күндү туура баштаңыз!

1.Коңгуроонузду өчүрбөй, дароо туруп кеткенди адат кылыңыз
Биз коңгуроонун үндөрүн укканда кыжырданабыз, аны өчүрүп же тындырып кое турган кээ бир адамдарда адатка айланган. Жылуу төшөктөн такыр тургубуз келбейт. Кошумча 10 мүнөт уйкудан биз өзүбүздү жакшы сезип калбайбыз. Эгерде таңкы ритуалдарды жасаганга жетишкиңиз келип, жумушка убакыт саатында баргыңыз келсе бул адатты таштаңыз.

2. Бир стакан суу ичип алыңыз
Узак уйкудан кийин организмдеги суюктуктун жетишсиздигин толуктоо зарыл. Эгер сиз кофени сүйгөн болсоңуз, ага өтүүдөн мурун бир стакан суу ичүүнү унутпаңыз. Ал эми сууга лимон кошуп койсоңуз, балким сизге кофенин да кереги жок болуп калат.

3. Кечинде керектүү буюмдарыңызды даярдап жатыңыз
Эртең менен туруп шашылып, эч нерсеге жетишпей жүрбөй баарын ирээти менен даярдап, эртеңки күндү кантип өткөрүүнү пландап, андан соң эс-алыңыз.
Саат 12ге чейин уктасаңыз уйкуңуз жакшы канат.

4. Көнүгүүлөрдү жасоо
Интернеттен карап эле өзүңүзгө ыңгайлуу жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасаңыз. Денеңиз кадимкидей сергип калат да, энергия берип, ойлоруңузду иретке келтирет.

5. Таңга маал душка түшүңүз
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай гидротерапия ден-соолукка оң таасирин тийгизет: стресс азаят, иммундук система күчөйт, организм майларды жакшы сиңирип, депрессия менен натыйжалуу күрөшөт, сизге жакшы маанай тартуулап, таза жүрсөңүз өзүңүзгө болгон ишенимиңиз дагы жогору болот.

Эгерде сиз контрасттык душка түшүүнү чечсеңиз, төмөнкү процедураны аткарыңыз: Биринчиден, кадимки температурада душка түшүңүз. Андан кийин 30 секунд муздак душ астында туруңуз, кийин ысык сууга алмашырыңыз да, кайра муздак суу менен чайканып чыгып кетиңиз. Мындай душ астында капиллярлар ачылат, кан айлануу жакшырат.

6. Позитивдүү музыка угуңуз
Музыканын маанайды өзгөртүү үчүн укмуштуудай жөндөмү бар. Таңкы, шаңдуу обондор сизге физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да күч-кубат берет. Өзүңүзгө жаккан музыканы тандаңыз, кайгылуу обондордон алыс болуңуз.

7. Даамдуу жана пайдалуу эртең мененки тамакты даярдаңыз
Каша же мөмө-жемиш жеңиз жана кычкыл сүт азыктарын унутпаңыз – алар кальцийдин эң сонун булагы. Таңкы тамак чынында эле маанилүү , ашказанды ойготуп алыңыз.

8. Күн сайын эртең менен мотивация берүүчү цитаталарды окуңуз
Ийгиликтүү адамдардын акылман цитаталарын окуп, алардан үлгү алып максаттарыңызды ишке ашырууга жөнөңүз!

9. Үйдөн чыгаарда жакындарыңызга жакшы маанай тартуулап чыгыңыз.
Канчалык шашсаң да, сүйгөн адамдарыңды жүзүнөн өөп анан чыгыңыз же жакшы, жылуу сөздөрдү айтыңыз.

Карьера жана жеке жетишкендиктер маанилүү, бирок жакын адамдар менен болгон мамиле андан да маанилүү. Мындан тышкары, эндорфиндердин бөлүнүп чыгышы көңүлүңүздү көтөрөт!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470