Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-сентябрында Ысык-Ата РИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, алган жаракатынан улам каза болгону тууралуу маалымат келген.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталып, каза болгон жарандын жолдошу 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтиргени аныкталган.
Кылмышка шектүү күйөөсү кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө уланууда.