7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кызга кол көтөргөн кардардын аракетине Россия элчилиги үн катты

4510

Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Бишкектеги оюн-зоок борборунда катталган окуя боюнча расмий түрдө Instagram баракчасы аркылуу үн катты. Буга чейин социалдык тармактарда кардар менен кассирдин ортосунда мамлекеттик тилдин айынан чыр чыгып, кардардын кызматкерди калькулятор менен чаап жиберген видеосу тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан.

“SМagic” оюн-зоок борборунун кызматкерлеринин айтымында, чыр кассир кыздын кардарга кыргыз тилинде сүйлөбөгөнүнөн улам келип чыккан. Кардар кызуу болгондуктан кызга кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган.  Ал эми элчи:  “Бишкектеги балдар борборлорунун биринде катталган кезектеги улутчулдуктун дагы бир фактысына күбө болдум. Мен муну терс  тенденция катары көргүм келбейт, бирок көңүл бурбай коюуу таптакыр мүмкүн эмес  деп ойлойм. Баарына көз жумуп коюуга болбойт, анан да бул улуттар аралык ынтымакка доо кетирип, улуттук кастыкка негизделген агрессивдүү аракеттер болуп саналат. Элчилик, кырдаалга адекваттуу баа берүү үчүн кыргыз бийлигине кайрылат”, — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4511