Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Бишкектеги оюн-зоок борборунда катталган окуя боюнча расмий түрдө Instagram баракчасы аркылуу үн катты. Буга чейин социалдык тармактарда кардар менен кассирдин ортосунда мамлекеттик тилдин айынан чыр чыгып, кардардын кызматкерди калькулятор менен чаап жиберген видеосу тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан.
“SМagic” оюн-зоок борборунун кызматкерлеринин айтымында, чыр кассир кыздын кардарга кыргыз тилинде сүйлөбөгөнүнөн улам келип чыккан. Кардар кызуу болгондуктан кызга кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган. Ал эми элчи: “Бишкектеги балдар борборлорунун биринде катталган кезектеги улутчулдуктун дагы бир фактысына күбө болдум. Мен муну терс тенденция катары көргүм келбейт, бирок көңүл бурбай коюуу таптакыр мүмкүн эмес деп ойлойм. Баарына көз жумуп коюуга болбойт, анан да бул улуттар аралык ынтымакка доо кетирип, улуттук кастыкка негизделген агрессивдүү аракеттер болуп саналат. Элчилик, кырдаалга адекваттуу баа берүү үчүн кыргыз бийлигине кайрылат”, — деп жазган.