Алдамчылыкка шектелип кармалган Элиза Бакытбек кызы бошотулду. Ал алган акчаларын кайтарып берүүнү убада кылды.
Маалыматка ылайык, 27-июль күнү «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү 24 жаштагы Элиза Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы М.О. аттуу жолдошу 15 күнгө алдамчылыкка шектелип СИЗО-1ге кармалган.
Кечээ, 5-август күнү аты аталган Элиза Бактыбек кызы эркиндикке чыкты. Ал кармалганда анын тарапташтары 7 айлык боюнда бар экенин негиз кылып, митингге чыгышкан.
Эркиндикке чыгарылган Элиза алган акчаларын кайрып бере турганын убадалады:
«Алган чектериңерди алып келгиле, ошонун негизинде алган акчаларды кайрып беребиз. Азыр эсептерибиз блоктолуп турат, бираз убакыт бергиле. Силер кайра арыз жазсаңар мени кайра камап коюшат.»
Эске салсак, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, «Элиза үй буюмдары» тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон. Бул факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.
⛔КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Шектүүнүн кылмыш иш-аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефондорго кабарлашыңыздарды суранабыз: 0553 08-75-57, 0701 00-61-06, 0706 51-51-54, же нөөмөттө. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмү 0312 43-32-75