7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Чолпон-Ата шаарында канализация тутумун куруу маанилүү болуп турат

685
Бүгүн, ушул учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу ал өздүк баракчасына жарыялады.
«Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен тааныштым.
Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу курулмаларды куруу жана техникалык жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат. Пайдалануудагы жабдуулар эскирген жана талап кылынган техникалык нормаларга дал келбейт. Шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуу маанилүү деп эсептейм.
Тазалоочу жайлардын абалы – шаардагы олуттуу маселелердин бири. Биосфералык аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн тармактык мамлекеттик органдарга жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти тездетүүнү тапшырдым. Заманбап тутум түзүү зарыл»- деп жазат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686