7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

711

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Түркмөнбашы шаарындагы (Түркмөнстан) Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өттү.

Анда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде соода -экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү ж. б. маселелерди талкуулашкан.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланып, энергетика, соода, транспорт, транзит сыяктуу олуттуу маселелер, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы туруу жамааттык пикир алышууну жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү талап кыларын кошумчаланды.

Эки өлкөнүн лидерлери мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен пландарды белгилеп, ар кыл тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712