6 ирет «Алтын топ» сыйлыгын алган, дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири деп сыпатталган Лионель Месси «Барселона» клубунан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Маалыматка ылайык Месси менен «Барселона» клубунун келишими июлда аяктаган. Айрым басылмалар каржылык келишпестиктен улам, келишим узартылбагандыгын жазышат. 34 жаштагы аргентиналык чабуулчу менен августтун башында жаңы келишим түзүү пландалган эле.
Клубдун жетекчилиги жаңы келишимге кол коюуга өз ара каалоо болгонуна карабай, Испаниянын футбол лигасынын эрежелери менен байланышкан «каржылык жана уюштуруучулук тоскоолдуктардан улам бул мүмкүн эмес» деп жазылат маалыматта.
Месси аталган клубга 2000-жылы келген. Анда 13 жашта эле. Үч жылдан кийин команданын негизги курамында ойной баштаган.
.