7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Манас” эпосунун күнүнө карата иш-чара өтөт

874

“Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 4-декабрда саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнүнө карата өтөт.

КРнын эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Эл аралык манас таануучулар ассоциациясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат.

Белгилей кетсек, кирүү акысыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

875