Бишкекте маршрутка оодарылып кетип, жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.
Кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Учурда эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.