Бүгүн Бишкектеги Биринчи май районундагы карылар үйүндө эки жаш той берип, карылардын батасын алды. Үйлөнүп жаткан жаштарды куттуктап байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Атым Адилет, Жолдошбек уулу Ысык-Көл облусунун Түп районунан болом. Медициналык академияны аяктадым. Өзүм ата-энесиз өскөндүктөн ушундай маанилүү күндө карылар үйүндөгү ата-апалардан бата алгым келди. Бул идеяны келинчегиме айтсам ал дагы колдоду. Анан концерттик программа менен дасторкон жайып алардын ак батасын алып келдик. Албетте, башкалар сыяктуу достор менен сейилдеп, шаан-шөөкөт кылып койсок деле болот эле, бирок менин жүрөгүмдө бул нерсе мурдатан жашачу. Эми кечинде буйруса жакындарыбызга той беребиз”,- дейт Жолдошбек уулу.