7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын тышкы карызы 132 миллион долларга азайды

566

Ушул жылдын январь айында өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард 290,3 миллион доллар болсо, сентябрда анын көлөмү 4 миллиард 162,6 миллион долларды түздү.

Өткөн жылдын аягынан бери КРдин тышкы мамлекеттик карызы 132 миллион долларга азайды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Айта кетсек, мамлекеттик тышкы карыз — эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн түрдүү валюталар менен алынган насыялар. Ички карыздар мамлекеттик баалуу кагаздарды (сом менен) чыгаруунун эсебинен түзүлөт.

  • Тышкы карыздар боюнча көрсөткүчтөр:
  • 2021-жылдын декабрь айы (31-декабрга карата) — 4 миллиард 294,6 миллион;
  • 2022-жыл, январь — 4 миллиард 290,3 миллион;
  • февраль — 4 миллиард 301,8 миллион;
  • март — 4 миллиард 282,5 миллион;
  • апрель – 4 миллиард 191 миллион;
  • май — 4 миллиард 215,1 миллион;
  • июнь — 4 миллиард 190,8 миллион;
  • июль — 4 миллиард 212,1 миллион;
  • август — 4 миллиард 179,8 миллион;
  • сентябрь — 4 миллиард 162,6 миллион.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567