7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө (ФОТО)

354

Бүгүн Бишкекте биринчи жолу президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депуттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

“Мейкин” сыйлыгынын негизги максаты — өлкөдөгү медиа жана журналистика тармагын өнүктүрүү, кесипкөйлүктү жана чыгармачылык активдүүлүктү көтөрүү. Сыйлык журналисттердин эмгектерин баалап, аларды стимулдаштырууга багытталган.

Бул сыйлык Кыргызстанда журналисттердин жана медиа тармагынын ийгиликтерин белгилеп, жаңы жакшы салтты баштап бере турган маанилүү кадам болуп саналат.

Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы тапшырылары күтүлүүдө.

 

 

 

355