7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды

597

Борбор калаадагы мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдарды 1-класска кабыл алууда, ордо калаабыздын мектептеринин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Такталгандай, директор К.А.Т. материалдык байыуу максатында, ошондой эле билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын билим берүү тармагында дагы ушул сыяктуу фактылар көп экенин белгилейт, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билим берүү системасындагы коррупциялык мотивдерди жана схемаларды жок кылуу боюнча иштерди улантууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

598