Бишкек шаарынын аймагында «Мотоайдоочу» аталышта рейдтик иш-чарасы улантылууда.
Белгилей кетсек , жол тескөөчүлөрү тарабынан 1 күн ичинде рейдтик иш-чарада 130дан ашык мото-скутер-мопедтер айып короого киргизилди.
Акыркы күндөрү көбөйүп кеткен, жолдо баш аламан айдап жүрүп жарандарга, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген МОТО-СКУТЕР-МОПЕДдерге рейд жүргүзүлүүдө.
Рейдтин алкагында айып короого жол эрежесин бузган мототехникалар киргизилип жатат.
Мототехникаларды айдоосун, жолдо жүрүүсүн жана жол эрежесин сактоосун көзөмөлдө бир күн менен чектелбестен текшерүү тынымсыз улантылат.