7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

330

Бүгүн Орозо айына карата Сауд Аравия Падышалыгы тарабынан Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.

Гуманитардык жардамды Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борбору тапшырды.

Кайрымдуулук иш-чарасына Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради, Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борборунун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара оболу расмий бөлүк менен башталып, андан соң муктаж жарандарга атайын даярдалган себеттер тапшырылды.

Гуманитардык жардам бир эле Бишкек шаары менен чектелбейт. Иш-чара мындан ары Кыргызстандын жети облусунда өткөрүлөт. Жалпы өлкө боюнча 7200 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк берилет. Мындай иш-чаралардын өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, алакасын чыңдоого өбөлгө түзөт.

331