7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги — 100 жыл

105

Улуттук тарых музейинде Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына жана коомдун өнүгүүсүндөгү аялдардын ролуна арналган иш-чара өттү.

Иш-чара мамлекеттик түзүмдөрдүн, эксперттик коомчулуктун, жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрүн бириктирди. Анда аялдардын жетишкендиктери, алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле гендердик теңчиликке карай жолдогу негизги чакырыктар көңүл чордонунда болду.

Талкуунун жүрүшүндө баяндамачылар 1920-1930-жылдары кыргызстандык аялдар сабатсыздык менен кантип жигердүү күрөшүп, кыздар үчүн биринчи мектептерди ачып, эмгек укуктарын кеңейткенин эске салышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар саясатта, экономикада жана коомдук турмушта барган сайын жигердүү лидерлик позицияны ээлеп жатышат.

Өнөктүк маалында саясаттан жана илимден баштап, маданиятка жана бизнеске чейин ар кайсы чөйрөдө өз ордун тапкан лидер аялдардын 120дан ашык окуясы чогултулуп чыкты.

Бүгүнкү иш-чара аялдардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис экенин тастыктап турат. Алардын окуялары бул жөн гана өткөн чак же азыркы учур эмес, бул келечек муундар үчүн багыт көрсөткүч. Аялдар коомду өзгөртүп жатышат жана биздин милдет – жашоонун бардык чөйрөлөрүнө тең укуктуу катышуу үчүн шарттарды түзүү менен алардын умтулууларын колдоо”, — деп белгиледи КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова.

Соңунда уюштуруучулар медиа өнөктүгүнүн каармандарына жана окуялардын авторлоруна сертификаттарды тапшырып, алардын ар бир секелек кыз, келин, аял бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилешти.

 

106