Бишкекте Космическая жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берилбеген, мыйзамсыз капиталдык имарат бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бузуу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын доо арызынын негизинде жүргүзүлүүдө. Арыз Ленин райондук сотунун чечими менен канааттандырылган.
Ошондой эле аянты 126 чарчы метр болгон имараттын тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.